Сүйүнчү! Дагы бир кыргыз кызы алтын утту

Ташкент шаарында өткөн цирк өнөрү боюнча балдар арасындагы «Жибек Жолу» эл аралык фестивалында Кыргыз өлкөсүнөн барган гимнаст-жаачы Аина Маратова алтын утту. Бул тууралуу Аина Маратованын машыктыруучусу Аида Акматова жергиликтүү басылмалардын бирине билдирди.

«15-17-апрель күндөрү Ташкент шаарында эл аралык «Жибек Жолу» балдар арасындагы цирк фестивалы өттү. Мен жана окуучум Аина Маратова фестивалда Кыргыз өлкөсүнүн желегин көтөрүп, Кыргыз циркинин атынан чыгып өнөрүбүздү көрсөттүк. Жыйынтыктар 17-апрелде чыкты. Биз 1-орунга ээ болдук. Фестиваль бийик деңгээлде өттү. Кытай, Орусия, Украина, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринен катышуучулар катышты. Цирк артисттеринин арасында ар бир цирк фестиваль өтө маанилүү, анткени ушундай фестивалдарга катышып тажрыйба топтойбуз.

Окуучумдун жашы 11де. Жаа менен аткарылган номери менен Ташкент шаарында биринчи жолу чыкты. Дебюту Ташкент циркинде болду. Бул фестивалга биз бир ай даярдык көрдүк. Ыйлаган учурлар көп болду. Цирк өнөрү негизи эле өтө кыйын. Бел, бут, колдор ооруп ыйлактап жүрсө да Аина чыдап бир да машыгуусун калтырбай келет. Аябай тырышчаак мүнөзү бар. Албетте, мотивацияныда мен, машыктыруучусу катары дайыма берип турам. Мотивациясыз адам коюлган максатына жетиш өтө эле кыйын. Азыр колумда дагы 7 кыз бар, шакирттерим. Буюрса, аларды дагы фестиваль, конкурстарга даярдап катыштырганы аракет кылам», — деди Акматова. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.