Орусия кура турчу 10 мектептин үчөөсүнүн каржы маселеси чечилди

Бишкек, 19.04.2021 Sokol.media

Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев Орусияга болгон иш сапарында Орусиянын агартуу министри Сергей Кравцов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда курула турчу 10 билим берүү уюмунун үчөөсүнүн каржы маселеси чечилди. Маалыматка ылайык, биринчи комплекс Ош облусунда, экинчиси Чүй облусунда , ал эми үчүнчүсү Ысык-Көл облусунда курулат. Калган мектептер этап-этабы менен курулмакчы. Иш сапардын жүрүшүндө билим берүү уюмдарын куруу долбоорлорунун аныктоодогу техникалык документация менен байланыштуу бардык суроолор талкууланды.

Ошондой эле Орусиянын табият таануу жана физика-математикалык багыттагы предметтери боюнча билим берүүдөгү санариптик ресурстардын пайдалануу жана адаптациялоо жана андан ары кыргыз тилине которуу жөнүндө келишимдин долбоору талкууланды. Кыргызстандык окуучуларга жайкы лагерлерди уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнү маалым болду.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.