Нариман Түлеев: «Эмгек» партиясын дагы шайлоодон четтетүү керек»

Бишкек, 19.04.2021 Sokol.media

«Ак Бата» партиясынын лидери НДПКнын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодон чыгышы боюнча ой-пикирин өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.

Түлеев УШКнын чечиминин акыйкаттуулугу боюнча комментарий бере албастыгын белгилеп, бирок мындай учурда «Эмгек» партиясын дагы шайлоодон четтетүү керек деп эсептейт.  Ал ушул жумаларда  «Дордой» базарында массалык түрдө патент сатып алуу болгонун, ошондой эле аталган партиянын айрым мүчөлөрү үгүт иштери  үчүн бюджеттик каражаттарды колдонгонун партиянын  коррупцияга аралашкандыгынын далили катары эсептейт. 

— «Эмгек» партиясына каршы тийиштүү чараларды колдонбостон, шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өттү деп эсептейм. «Ак Бата» партиясы «Эмгек» партиясына карата шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылат, антпесе бул шайлоо тарыхта ыплас шайлоо катары эсте калат. Эгерде жалпы шайлоо жыйынтыктары жокко чыгарылса, анда «Эмгек» партиясынын кайталап шайлоого катышуусуна жол берүү мүмкүн эмес, өз кезегинде, «Ак Бата» партиясы дагы бир жолу шайлоого катышууга  жана мурдагыдай эле шайлоо жараянынын мыйзамдуулугун жана тазалыгын так сактоого даяр, — деп жазган Түлеев.
Нариман Түлеевдин билдирүүсү боюнча «Эмгек» партиясы комментарий бере элек.
Эске салсак, алдын ала маалыматтарга ылайык ,беш партия БШКга кирет. Алар: «Эмгек», «Ак Бата», НДПК, «Ата Журт Кыргызстан», «Биздин эл».
Бүгун НДПК партиясынын шайлоодон четтетилгени белгилүү болду.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.