Кыргызстан интернети эң арзан 3 өлкөнүн катарына кирди

Интернетинин баасы изилденген 230 өлкөнүн тизмесинде Кыргызстан 2-орунга жайгашты. Бул дүйнөдөгү мамлекеттердин арасында Кыргызстандын интернети эң арзан дегенди билдирет. Мындай маалымат англиялык «Cable» сайтында жарыяланды.

Ал жерде Кыргызстанда 1 Гб 0,15 долларга бааланары жазылган. Ал эми 1-орунда Израиль турат, ал жакта 1 Гб 0,05 долларга сатылат.

Изилдөөчүлөр КМШдагы көпчүлүк өлкөлөрдө интернет жеткиликтүү экенин белгилешти.

КМШга мүчө мамлекеттердеги интернеттин баасы (1 Гб үчүн):

— Россия — 0,29 $ (6-орун),

— Молдова — 0,32 $ (7-орун),

— Беларусь — 0,43 $ (13-орун),

— Казакстан — 0,59 $ (20-орун),

— Өзбекстан — 0,60 $ (21-орун),

— Украина — 0,75 $ (31-орун),

— Армения — 0,76 $ (35-орун),

— Азербайжан — 1,82 $ (100-орун),

— Тажикстан — 2,60 $ (132-орун),

— Түркмөнстан — 21,41 $ (223-орун).

Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө интернеттин баасы жогору болуп чыкты:

— Улуу Британия — 1,42 $ (78-орун),

— АКШ — 3,33 $ (154-орун),

— Германия — 3,38 $ (155-орун),

— Япония — 3,38 $ (156-орун),

— Швейцария — 5,24 $ (185-орун),

— Канада — 5,72 $ (190-орун).

Аталган рейтингди түзүү үчүн изилдөөчүлөр 230 өлкөдөгү 6148 тарифтик планды анализдеп чыгышты. Маалыматтар 2020-жылдын 8-декабрынан ушул жылдын 25-февралына чейин чогултулган

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.