«Ким экен алар?» Министр отставкасын талап кылгандарга жооп берди

Бишкек, 19.04.2021, Sokol.media

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өзүнүн кызмат ордун качан таштап кете тургандыгы боюнча комментарий берди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
-Жакын арада медицина кызматкерлеринин айлыгын 200%га көтөрөм. Бюджетте каражат аз, а мен чиновниктер «оңго-солго чачкан» акчаларды таптым. Мына 1-апрелден тартып, алгачкы этап катары медкызматкерлердин маянасы 100%га көтөрүлдү. 1-июлдан баштап дагы калган 50%га жогорулатабыз. Акчаны кайдан тапканымды сурасаңыздар, мен таптым. Азыр иш сапарым менен Ош шаарындамын. Бул жакта ар бир оорукананын абалы менен таанышып, жакынкы убакта биздин чиновниктер уурдаган каражаттарды табууну көздөйм.Буга чейин жарандык активисттер, медиктер жана юристтер бейтаптарга ар кандай сыноо жүргүзүүнү токтотуп, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабы менен Жогорку Кеңеш жана укук коргоо органдарына кайрылуу жолдошкон.

-Алар талап кыла тургандай, ким экен? Жок дегенде доктордук диссертациянын эмне экендигин, профессор деген ким экендигин билишеби? Мен уу коргошун менен дарыланууну сунуштап жатканда, жоопкерчиликти өзүмө алгам. Мен – хирургмун. Эч кандай жоопкерчиликтен коркпойм жана качпайм. Азыр дүйнөдө коронавируска каршы сунушталган дарылардын баары мыйзамдуубу? Бардык жерде андан кийинкисин ойлонбой туруп эле дарылоо үчүн каалаган нерсесин сунуштап жатышат. Анда июлдагы окуялар үчүн бардык дарыгерлерди камаш керек. Алар жардам берет деп антибиотиктер менен дарылашкан. А чынында, мындай кылыштын кереги жок болчу. Мына ушундан улам көп адам көз жумду.

Эске салсак, буга чейин өлкө башчысы коронавирусту уу коргошундун тундурмасы менен дарылоону сунуштап чыккан. Натыйжада, бул пикир коомчулукта кызуу талкууну жараткан.Андан кийин маалымат жыйынында министр Алымкадыр Бейшеналиев пандемиянын экинчи толкунунда бейтаптар өздөрү жашыруун түрдө уу коргошун менен дарылангандыгын билдирген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.