Арстан Алай: Уу коргошун коронавирусту айыктыра албайт

Бишкек, 19.04.2021 Sokol.media

Уу коргошун коронавирус илдетин айыктырбайт. Мындай пикирин Арстан Алай билдирди.

. «Уу коргошун менен дарылайбыз деген жаңылыштык. Себеби, дуйнө окумуштуулар жылдап вакцина ойлоп тапты. Ойлосо ошолор уу коргошундан дары ойлоп тапмак да. Бул эч кандай жардам бербейт. Министрдин сүйлөгөн сөзү өзүнүн аң-сезиминин төмөндүгүнөн кабар берет.
Балким, бул чөптүн кандайдыр бир дарылык касиети бардыр, бирок ковидди айыктырбайт. Мен айткам, ковид эпидемия дагы, пандемия дагы эмес. Бул энергия. Адамга энергия жайгашып жатат. Ошондуктан дене табы көтөрүлүп, эски ооруларынын баары козголуп жатат. Адам өсмөйүнчө, nсихологиясы өнүкмөйүнчө өлүмдөр токтобойт. Буга кантип yу коргошун жардам берсин. Уу коргошун жардам бере турган болсо вакцинанын эмне кереги бар? Эмнеге вакцинаны убакыт коротуn ойлоп таап жатышат? Уу коргошун менен дарылап ала турган болсо эмдөөнү токтотушпайбы анда. Эмне үчүн мугалимдер, дарыгерлер вакцина алсын деп мажбурлат жатышат? Биз коргошун менен дарылап алабыз деп дуйнөгө жар салбайбы. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна уу коргошунду сатып биздин экономикабызды көтөрбөйбү.
Бул дарт айыкпайт. Көрүп жатканыңардай ар кандай мутациялар пайда болуп жатат. Молдолор адамдын ичине жин кирип кетти дегендей ковид дагы адамдын ичине энергия болуп кириn кетти. Качан биздин психологиябыз өсүп, жаңыча жашап баштаганда гана бул оорудан айыгыn кетебиз. Азыр доордун талабы өзгөрду. Адамдын анатомиясы астрологиянын ролун аткарып калышы керек. Тактаn айтканда, адамдын сыпаты периштедей, улуу күчтөрдөй сыпатка өтүш керек. Адам майдалана берсе оору кучей берет. Качан гана биз периштедей жашап калганыбызда оору да, кырсык да токтойт», — деди Арстан Алай.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.