«Барселона» Испания Кубогун утту

Бишкек, 18.04.2021, Sokol.media

Каталондук «Барселона» Испания Кубогунун финалында «Атлетик Бильбао» клубун ири эсепте жеңип, мелдештин жеңүүчүсү аталды.

«Атлетик Бильбао» 0:4 «Барселона». Голдор: Антуан Гризманн 60′ (0:1), Фрэнки де Йонг 63′ (0:2), Лионель Месси 68′, 71′ (0:3, 0:4)

Аталган финалдык беттеш Севилья шаарында өттү. Футбол күйөрмандары голсуз өткөн биринчи таймдан соң, экинчи бөлүктө бир катар голго күбө болушту. Дегенибиз, оюндун башталганына туура 60 мүнөт болгондо көк-анар түстүүлөр оюн эсебин ачышты. Франциялык чабуулчу Антуан Гризманн алгачкы голдун автору болуп калды. Мындан 3 мүнөт өтүп-өтпөй, жарым коргоочу Френки де Йонг өзгөчөлөнүүгө үлгүрдү. 68-мүнөткө келгенде команданын лидери Лионель Месси өз сөзүн айтып 3-голду жаратса, дагы 3-мүнөттөн кийин дубль жасап, эсепти 0:4кө айландырып, атаандаштарынын таш-талканын чыгарды.

Кошумчалай кетсек, Испания Кубогунун буга чейинки жарым финалдык оюнунда «Барселона» «Севильяны» жеңген болсо, «Атлетик» эки беттештин жыйынтыгы менен «Левантени» утуп чыккан.

Бул жеңиштен кийин аталган клуб бул трофейди өз тарыхында 31-ирет жеңип алды. «Барселона» Испания Кубогуна эң алгач 1910-жылы ээ болгон. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.