Орусия АКШга каршы киргизиле турган жооптук санкцияларды ачыктады

Бишкек, 17.04.2021, Sokol.media

«Кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн». Алгач АКШ Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизди. Эки ири державанын тирешүүсү эмне менен аяктайт?

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги расмий сайтында АКШга каршы киргизиле турган жооптук санкциялардын тизмесин жарыялады.

Ага ылайык, расмий Москва он америкалык дипломатты өлкөдөн чыгарып, АКШнын элчилиги менен башкы консулдугуна орусиялык жана башка үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарын жалдоону токтотуу боюнча чараларды көрөт. Андан сырткары, орус бийлиги тарабынан элчилердин милдеттүү иш жеринен башка аймактарга чыгуусуна тыюу салынып, Орусиянын ички маселелерине кийлигишкен америкалык фонддор менен бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү чектелет. Кошумча катары, министрлик жакынкы күндөрү «кара тизмеге» киргизиле турган 8 америкалык чиновниктин фамилиясын жарыялайт.

Ички саясий ведомстводон белгилешкендей, эгер Вашингтон санкциялык саясатын уланта бере турган болсо, Москва экономикалык чектөөлөргө жол ачышы ыктымал. Бирок Москва америка бийлиги ортосундагы мамиленин жакшырышына кызыкдар жана компромисске келүүгө даяр экендигин билдирди.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.