Moderna компаниясы Улуу Британия жана Англияга дары жеткирүүнү токтотот

Бишкек, 17.04.2021, Sokol.media

Америкалык Moderna фармацевтикалык компаниясы ушул жылдын 2-жарымынан баштап Улуу Британия жана Канада өлкөлөрүнө коронавируска каршы вакцина жеткирүүнү токтотот. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

«Соңку учурлардагы сунуштарды жана суроо-талаптарды эске алуу менен Moderna жылдын 2-кварталынан баштап кыскартууларды киргизип, бир катар өлкөлөргө күтүлүп жаткан сандагы вакцинаны аз өлчөмдө гана жеткирет» деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Ал эми буга чейин Оксфорд университети Pfizer жана Moderna вакцинасы менен эмделген жарандардын кам тамырында кандын уюп калуу (тромбоз) коркунучу жогору экендигин билдирген изилдөөсүн жарыялаган. Ага ылайык, COVID-19га каршы жогорудагы вакциналардын кандын уюп калуу коркунучун жаратуусу Vaxzevria (AstraZeneca) каражатына салыштырмалуу 30 эсе жогору экендиги айтылат.

Азыркы учурда дүйнөдө коронавируска каршы бир катар вакциналар колдонулууда. Орусияда «Спутник V» жана «ЭпиВакКорона» аталышындагы 2 дары каттоодон өтсө, АКШда калкты «Pfizer» жана «Moderna» каражаттары менен эмдөө жүргүзүлүүдө. Ал эми Улуу Британияда «Pfizer» жана «AstraZeneca» вакциналарын колдонууга уруксат берилген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.