Кара-Сууда окуучу ооруканага жатып калган. Аны мугалим сабаган дешүүдө

13-апрелинде саат 20:00 чамасында, Кара-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө, аймактык балдар ооруканасынан Отуз-Адыр айыл аймагынын Кара-Дөбө айылынын тургуну, 2008-жылы туулган К. Д.,белгисиз жагдайда денесинен жаракат алып түшкөндүгү боюнча кабарлаган. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматынан билдирди.

Текшерүүдө, 2021-жылдын 13-апрелинде 14 саат 20 минута чамасында, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын Кара-Дөбө айылында жайгашкан М.Тешебаев атындагы орто мектептин имаратынын ичинде, ушул эле мектептин 8-классынын окуучусу, 13 жаштагы К. Дны дене-тарбия сабагыны мугалими Б. А : “Эмне үчүн журналды карайсың?”-деп, эки колу менен Д.Кнын кулагынан чоюп, уруп денесине жаракат келтирген.

Алынган кабар, 2021-жылдын 13-апрелинде Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.
Бул факты Жоруктар кодексинин 66-беренесинин 1-бөлүмү менен Кара-Суу РИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейин өндүрүш иши башталган.
Учурда тергөө иштери улантылууда.

Булак: 7 канал

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.