ВИДЕО-Кубанычтын көз жашы. Мээрим Жуманазарова алтын медаль тагынды

Бишкек, 16.04.2021 Sokol.media

Кечээ, 15-апрелде  Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан  күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттешинде 68 килограмм салмакта катышкан Мээрим Жуманазарова финалда монголиялык балбан менен кез келип, алтын медалга ээ болду.

Сыйлык тапшыруу аземинде өлкөбүздүн гимни жаңырганда Мээрим Жуманазарова кубанычтан көзүнө жаш алды.
Мээрим Жуманазарова жарым финалга чейин жетип, анда түштүк кореялык Ен Сун Жонг менен кез келип, атаандашынын үстүнөн таза жеңишке жеткен.

Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы ушул эле шаарда 9-11-апрель күндөрү өткөн лицензиялык турнирде Олимпиадага жолдомо уткан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.