УКМК: «Унаа» мамлекеттик ишканасында коррупциялык схема аныкталды

Бишкек, 16.04.2021 Sokol.media

Кыргыз Республикасынын УКМК «Унаа» мамлекеттик мекемесинде жарандарга айдоочулук күбөлүктөрдү алуу үчун квалификациялык экзамендерди тапшырууда туруктуу коррупциялык схема түзүп алышкандыгын аныктады.

Маалыматта такталгандай, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери автомектептердин мугалимдери менен жең учунан сүйлөшүп алышып, айдоочулардын тестирлөөсүнүн автоматташтырылган системага кирүү менен тестирлөөнүн жыйынтыктарын бурмалашкан.

Натыйжада, айдоочулук мектептерде тиешелүү окуудан өтпөгөн адамдарга күбөлүк берилип келген. Мындан улам, Ош шаарындагы «Унаа» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси «А.А.М» жана Ош областы боюнча жетекчиси «А.Б.Ж.» компьютердик тестирлөөдөн жана практикалык башкаруудан «ийгиликтүү» өткөндүгү үчүн автомектептердин бүтүрүүчүлөрүнөн 5000 миң сом өлчөмүндө каражаттарды системалуу түрдө алып турган фактылар аныкталган, жыйынтыгында, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бүтүрүүчүлөрү биринчи жолу экзаменде эле айдоочулук күбөлүк алышкан.

Белгилей кетсек, мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Кыргыз Республикасынын УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигине жарандарга айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө коррупциянын көрүнүштөрү жөнүндө аларды жоюу боюнча сунуштары менен бир нече жолу маалымдаган.

Учурда ушуга окшогон схемаларды «Унаа» мамлекеттик мекемесинин башка аймактык бөлүмдөрүндө түзүлгөндүгүн аныктоо, ошондой эле бул коррупциялык схеманын бардык катышуучуларын жоопко тартуу иштери жүрүп жатат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.