Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты

Бишкек, 16.04.2021 Sokol.media

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 16-апрелде Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештинде финалга чыкты. 

Ал мелдеште 62 килограмм салмакта килемге чыгып, атаандаштарынын үстүнөн ири эсепте жеңишке жетип, турнирдин финалына чыкты. Жарым финалда ал өзбекстандык балбан менен кез келип, атаандашынын далысын жерге таза басып, жеңишке жетти.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.