Кытай өз жарандарын акчадан баш тартууга чакырат

Бишкек, 16.04.2021, Sokol.media

Кытай бийлиги өлкөнүн санариптик валютасы үчүн «акчанын жарактуулук мөөнөтү» аталышындагы түшүнүктү киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Ага ылайык, мындай аракет керектүү учурларда Кытайдын Улуттук банкына өлкө экономикасынын пайдасына жарандарды акчаны активдүү колдонууга аргасыз кылып, ал эми карама-каршы жагдайда электрондук акчаларды белгилүү бир мөөнөттөн кийин «жараксыз» деп табууга жол ачат.

Буга чейин февраль айында өлкө бийлиги Пекин шаарынын тургундарына санариптик юанды активдештирүү үчүн убактылуу салттуу акчадан баш тарткандарга кошумча каражат төлөп берүү боюнча эксперимент жүргүзүлө тургандыгын кабарлап, ага элүү миңге чукул тургун катышып, алардын ар бирине 200 юандан (2500 сом) берилээрин кошумчалаган.

Кытайдын Улуттук банкы өзүнүн санариптик валютасын иштеп чыккан дүйнөлүк жөндөгүчтөрдүн бири болуп эсептелет. Күтүлүп жаткандай, санариптик валюта өзүнүн функциясы боюнча накталай эмес акчага окшош болуп, өлкөдөгү үчүнчү төлөм каражатына айланат.

Ал ортодо Кытайдын бул аракетин АКШ кескин сынга алып, мындай абалга тынчсызданып жаткандыгын айтып чыкты. Себеби, жаңы акча ишке кире турган болсо, анда АКШ доллары дүйнөлүк валюта корундагы күчүн жоготушу мүмкүн.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.