Кайыңдын ширесин ичүү зыяндуубу?

Бишкек, 16.04.2021, Sokol.media

Жаңы сыгылган кайыңдын ширесинен күнүнө 1-2 стакан ичүү ден соолугу чың адам үчүн жетиштүү болуп эсептелет. Бул тууралуу диетолог Антонина Стародубова билдирди.

Анын айтымында, аталган суусундукту нормадан ашыкча колдонуу аллергияга жана ашказан-ичеги тутумунун бузулушуна алып келет.

Диетолог кошумчалагандай, кайың ширесин чогултуу иштери март айында башталып, алгачкы жабышкак жалбырактары ачыла баштаган апрель айынын соңунда жыйынтыкталат. Анын курамына шекер, органикалык кислоталар, калий, магний өңдүү минералдык азыктар жана В тобундагы витаминдер кирет.

Стародубова баса белгилегендей, жаңы алынган кайыңдын ширесин узак мөөнөткө сактоого болбойт. Азыктын алгачкы сутка ичинде эле ачып кетүү коркунучу жогору болгондуктан, муздаткычта сактоо дагы такыр эле мүмкүн эмес. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.