АКШ элчилиги: «Көңүлүбүз калды»

Бишкек, 16.02.2021 Sokol.media
Америка Кошмо Штаттары уюшкан кылмыштуу топтун башчысы Райымбек
Матраимовдун бошотулушу көңүл калтыраарлык иш экенин билдирет. Бул тууралуу дипломатиялык элчилик тараткан катта айтылат.
Билдирүүдө,АКШнын Мамлекеттик департаменти жана Каржы министрлиги Матраимовду Кыргыз
Республикасынан кеминде 700 миллион доллар адалданганы, коррупциялык бажы
схемасына катышкандыгы үчүн Магнитский тизмесине киргизилип, жана визалык
санкцияларга кабылгандыгы белгиленет.
«Кыргыз Республикасы бул каражаттарды саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба жана пенсия төлөө
сыяктуу маанилүү багыттарга жумшай алмак. Америка Кошмо Штаттары
Матраимовдун кылмыштуу мүлкүн чет өлкөдө тоңдуруп, кыргыз элине кайтарып
берүү аракеттерин улантууда.»- деп айтылат билдирүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.