Айсулуу Тыныбекованын алгачкы атаандашы күрөшүүдөн баш тартты

Бишкек, 16.04.2021 Sokol.media

Бүгүн, 16-апрелде  Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери өтүп жаткан учуру.  Бүгүнкү беттеште кыз-келиндер боюнча курама командалар ат салышууда.

Анда  62 килограмм салмакта килемге чыккан кыргызстандык балбан  Айсулуу Тыныбекова биринчи жүрүшүндө индиялык Сонам аттуу балбан менен кез келмек. Алар  килем үстүнө чыккандан кийин калыстар жеңишти дароо эле Айсулуу Тыныбековага ыйгарыкан.

Индиялык балбандын эмне себептен күрөшпөй койгондугу азырынча белгисиз. Айсулуу Тыныбекова кийинки жүрүшүндө казакстандык Ирина Кузнецова менен кез келет.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.