11:1. Айсулуу Тыныбекова экинчи атаандашын жеңди

Бишкек, 16.04.2021 Sokol.media

Бүгүн, 16-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери өтүүдө. Бүгүнкү беттеште кыз-келиндер боюнча курама командалар ат салышууда.

Мелдешке 62 килограмм салмакта килемге чыккан Айсулуу Тыныбекова алгачкы жүрүшүндө индиялык Сонам аттуу балбан менен кез келмек. Бирок атаандашы килемге чыгып, күрөшүүдөн баш тарткандыгы үчүн кыргыз балбаны жеңүүчү аталган.

Кийинки жүрүшүндө кыргыз балбаны казакстандык Ирина Кузнецова менен кез келип, атаандашынын үстүнөн 11:1 эсебинде жеңишке жетти. Атаандаштын коркуп күрөшүп жатканы даана байкалды.

Кийинки жүрүшүндө Айсулуу Тыныбекова түштүк кореялык Юнг Жин Квон аттуу балбан кыз менен кез келет.


Булак: Супер кж

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.