Садырбек Дубанаев, генерал-майор: “Милициянын бутун тушаган мыйзам кайрадан оӊдолушу керек”

Бишкек, 15.04.2021 Sokol.media

-Садырбек ага, жакында эле коомубузда Айзада Канатбекова аттуу кыздын тагдыры кыйылган кейиштүү окуя орун алды. Ошол окуяга байланыштуу ИИО тармагынын иш алып баруусун коомчулуктун айрым өкүлдөрү сынга алып чыкты. Ал эми коомчулуктун басымдуу бөлүгү укук коргоо тармагынын иш алып баруусу боюнча кабыл алынган, тагыраагы, милициянын колу-бутун байлаган жаӊы мыйзам-кодекстерди айыптоодо. Ушул жаатта сиздин пикириӊизди уксак?
-Ырасында жаӊы кабыл алынган мыйзамдардын чийкилиги, биздин менталитетке туура келбестиги турмуш жүзүндө айгинеленип жатат. Мен деле легендарлуу парламентте депутат болгом. Биз деле ушундай мыйзамдарды кабыл алып, анан ошол мыйзамдар эгерде чийки болсо ошол жылы болобу же аркы жылы болобу пункттарына өзгөртүү киргизип берчү элек. Бирок, азыр талкууга түшүп аткан мыйзамдын кабыл алынганына 3 жыл болуп баратат. Жаӊылбасам, 2017-жылы кабыл алынып, 2019-жылдан баштап ишке кирсин деп жарлык чыккан. Андан бери ушул мыйзамдарды окуп, анын натыйжаларын көрүп туруп жүрөгүң ооруйт.
Аныгында бул мыйзамды өткөрүүдө өтө одоно катачылыктар кеткен. Атайын кызыкчылыктардын арты менен өткөрүлгөндүгү да ырас. Анткени, авторлору да бүдөмүк, комиссиясы да чала-сабат, анан Жогорку Кеӊеште бир эле окуу менен эле депутаттар кол көтөрүп баарын кабыл алып салды да. Мына мандем ушул жерде жатат. Жанагы 15 миллион евро деген элде айтылган кеп да так ушул шашылыш кабыл алынууну айгинелейт.
Мына ушул мыйзамдын алкагында иш алып баруу боюнча бир эле мисал айтып көрөйүнчү, бир жерде уруш болуп жатканы кабарланып, ал жерге милиция келди деп коёлук, урушкандарды кармады дейлик. Бирок, милиция аларды камай албайт. Ал үчүн ал тергөөчүгө барыш керек, тергөөчү болсо отуруп алып регистрация кылыш керек кылмышты, анан прокуратурага барыш керек, прокурорго. Прокурор да кагаз толтуруп анан сотко барыш керек, соттон санкция алып туруп анан жанагы мушташкандарды кармаш керек. Эмне деген убакыт өтүп жатат?
Анан да айтып жатышпайбы “ой азыр деген техника, сотка бар, видео камера бар эмне үчүн аларды карап табышкан жок?”-деп видео камера бүткүл көчөлөрдү, бүтүндөй шаарды камтыган болсо анда ушуну айтса болот эле да. Анан да уюлдук телефондон табуу үчүн ошол компанияларга кат аркылуу кайрылыш керек. Ал кандай күнгө туш келет, дем алышпы, компаниянын жетекчилери бул жактабы, иш учурубу (?) деген өӊдүү суроолор чечилип, жооп келгиче кээде убакыт өтүп кетет. Убакыт өткөн соң кайдагы кылмышкерди кармоого болот? Ал качып кетпейби. Коомчулук да, анын арасындагы жанагы кыйкырып чыгып жаткандар да ушуну түшүнүш керек. Жогорку Кеӊеш, тиешелүү тармактар Мыйзам кабыл алынып жатканда тескерисинче ошол милициянын ыкчам иштешине мүнкүндүк бергендей мыйзам кабыл алышса жакшы болмок. Мен ойлойм бул мыйзам абдан чала жана карама каршылыктуу болуп калган. Өлкөнүн, милициянын кызыкчылыгы эмес, кандайдыр бир топтордун кызыкчылыктары жогору коюлуп калган. Милициянын бутун тушаган мыйзам кайрадан оӊдолушу керек.
-Айтсаӊыз, менимче ушул мыйзамдар кабыл алынып жатканда сиз жана бир нече ИИМ ардагерлери, генералдар талкууларга катышкан элеӊиздер. Ошол маалда мыйзамдагы чалакайымдыкты, алешемдиктерди эмнеге учурунда айткан эмессиздер?
-Ооба, 2017-18-жылдарда ошол мыйзамды иштеп жатканда мен да барып катышкам. Барып, өзүбүздүн ой-пикирибизди айтканбыз, ошол эле жерде ардагерлер кеңешинин төрагалары, тажрыйбалуу милициялар болгон, генералдар болгон, ошондо биз айтканбыз “Ой бул кандай болот? Мыйзам туура эмес! Бул мыйзам кабыл алынса милиция кантип кылмыштын бетин ачат?”-деп. Биз айтсак да болбостон Тимур деген жигит “кайра-кайра” такылдап сөз сүйлөп мыйзамды талкалап жатканын көрүп, жаныбыз кашайган. Анда алар “жоок, азыр ушундай, адам укугу сакталыш керек” деп каршы чыгышкан. А эгерде адам укугун кылмышкерлер сактабай бузуп койгондон кийин эмне үчүн кайра милициядан сураш керек, эмне үчүн тепкилеп жатып калышыбыз керек баарыбыз тең “милиция жаман, милиция уктап атты, ал минтип атты”-деп. Мына кептин баары ушул жерде болуп жатпайбы.
Али да кеч эмес, биз ушуга бөгөт коюшубуз керек, бүгүн Кыргыз эли тикебизден тик турушубуз керек. Эң сонун мыйзамдарыбыз бар эле, азыркы тергөөчүлөр 500, 300, 200 делону бир алып иш алып барып жатышат, биз иштегенде СССР учурунда бир ай га 50 делону алган тергөөчүнү эң көп алды деп эсептелчү. Азыркы күндөгү 200 делону алган тергөөчү эч нерсеге жетишпейт. Эл ошол үчүн милицияга нааразы болуп жаткан учуру. 200 делонун артында арыз, ар бир арыздын артында эл жатат. Ал жетишпей калса анан “эмнеге чечкен жок” деп кайрадан эле милиция кепке калат. Ошон үчүн бул мыйзамды тезинен оӊдоо керек.
Мына жакында эле болуп өткөн жалпы элдик референдумда кабыл алынган Башмыйзамга ылайык өлкө президенти Садыр Жапаров бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөр, толуктоолор болот деди. Буюрса, ИИО тармагына тиешелүү мыйзамдар да жеткиликтүү иштелип чыгып, жолго коюлат деп ишенем.
-Айзаданын өлүмү боюнча милициянын 44 кызматкери жаза алды? Аларга берилген жаза канчалык негиздүү болду деп айта аласыз?
-Бул берилген жаза негиздүү болду деп ойлойм. Анткени, бул чечимди министр жалгыз олтуруп алып эле кабыл алган жок да “Келгиле 44 баланы жазалайлы”-деп. Бул деген комиссия түзүлүп, ички иликтөө кызматы текшерип келип, жыйынтык чыгарып, ал жыйынтыкка министрдин орун басарлары өзүлөрүнүн колун коюп, андан кийин коллегиялык түрдө карап, ошондон кийин анан чечим чыкты да. Эгерде буларды жазалабай койсок, эртең анда “Бизде боло берет”-деген кайдыгерлик калыптанат. Беш кол тең эмес, милиция кызматкерлеринин арасында да жакшы иштеген же иштебеген кызматкерлер да бар, бул туура чечим болду.
-Ошол эле маалда Жогорку Кеӊештин айрым бир депутаттары “Айзаданын өлүмү боюнча министр кызматтан кетиши керек”-деген пикирлерин айтып чыгышты эле.
-Ооба, мен да гезиттен окуп калдым. Айсулуу Мамашова деген депутат ушинтип айткан экен. Арийне, бүгүнкү милицияны талкалаган чийки мыйзамды дал мына ушул эл өкүлдөрү өзүлөрү кабыл алган. Ошолор кабыл алгандан кийин анан жанагындай окуя жүз берди. Албетте, өкүнүчтүү, кайгылуу окуя орун алды. Адамзат жашоосунда ар кыл тагдырлар болот тура. Бирок, ага карата тиешелүү кызматкерлер жазасын алышты. Чара көрүлгөндөн кийин антип сындаганы туура эмес.
Эсиӊерде болсо 2000-жылдардан бери карай Кыргызстанда буйрутма адам өлтүрүүлөр күч алып кеткен. Канча деген мыкты азаматтар, ишкерлер, саясатчылар атылып кетти. Ошол учурда да милиция күнү-түнү уктабай ошол кылмыштардын бетин ачкан да. Бетин ачып, жазасын берген да. Мына ошол Айсулууга айтаар элем. Анын апасын да кылмышкерлер атып кетишкенде ошол эле милициялар өз милдетин аткарып, кылмышкерлерди таап, жазалаган эмес беле. Ар кимибиздин башыбыздан ар кандай окуя өткөн. Кичине эки жакты да ойлош керек да эгер, милиция болбосо ошол кылмыштар ачылбай калып кетмек.
Ар качан эле эмнеге милицияны ур-тепкиге алып жатып калышыбыз керек. Милиция да ошол өзүбүздүн эле карапайым эл арасынан чыккан өзүбүздүн уул-кыздар. Министрдин отставкага кетишин талап кылып жаткандарды мен түшүнгөн деле жокмун. Мисал катары айта кетейин Россияда Путин президент болуп келгенде генерал Нургалиевди ИИМге министр кылып койду, ал киши ошол оордунда 14 жыл иштеди. Азыр Нургалиев өргүүгө чыккандан кийин А.Колокольцевди койду. Азыр ал да иштеп жүрөт 8 же 9 жыл болду. Мен ойлойм ал да 14, 15 жыл иштейт болуш керек деп. А бизде болсо бат-баттан алмаштыра беребиз андай кылган туура эмес. Министр ордунда туруп кимдин кандай иштээрин, ким кандай иш алып бара алаарын жакындан тааныйт да анан ошого жараша иш алып барып жыйынтык көргөзөт. Көп жыл иштеп каныккандан кийин гана жыйынтык чыгарат. А биз аны бүгүн коюп, эртең алып жатсак кайдагы жыйынтык, кайдагы өсүш.
-15-апрелде ИИМдин имаратынын алдына Бейөкмөт уюмдар Айзаданын өлүмүнө байланыштуу митинг өткөрүштү. Ошол митингге сиз да чыгып, түшүндүрүү иштерине катышып, сөз сүйлөдүӊүз…
-Өзү адам деген өтө татаал болот тура. Бирөөнүн өмүрү кыйылып жатса, бирөө кайгыдан мөгдөп турса ошондон жеке кызыкчылыктарына жем издегендер да чыгууда. Болгондо да нарк-салттуу Кыргыз жеринде. Качан эле бизге жашоо эмне экенин биле элек, тагдыр эмне экенин биле элек жаш кыздар көчөгө чыгып алып жашаганды үйрөтүп калышты эле? Бүгүнкү митингдин деӊгээли да так ушундай эле болду. Болгону алар кайсы бир тараптан алып жаткан акчаларын гана “адалдаганы” чыгышканы айдан ачык болду. Эгер буларга ар качан ушундай кылууга, тескери ушата берүүгө жол бере берсек анда коомубузду талкалап алабыз. Ооба, ар ким өз пикирин айтышы керек. Бирок, ал негиздүү жана коомго зыянын тийгизбестен, башкалардын да укугун, пикирин сыйлоо аркылуу айтышы керек.
Кубаныч Зайнидинов

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.