“Манас” аэропортунда жаш жигит кызды зордоп унаага салган окуя такталды

Бишкек, 15.04.2021 Sokol.media

Социалдык тармактарда “Манас” аэропортунда жаш жигит кызды зордоп унаага салууга аракет кылып жаткан видео тараган. Милиция жаш жигитти издөөгө алган эле. 

ИИМден билдиришкендей, видеого жазылган унааны текшерүү учурунда Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаа Б.К. аттуу жаранга катталганы аныкталган. Бирок, ал унааны 22 жаштагы Ысык-Ата районунун Р.М. аттуу тургуну айдап жүргөнү такталган.

“15-апрелде «Манас» аэропортунун унаа токтотуучу жайында түнкү саат 01:50дө 22 жаштагы Р.М. жана анын 23 жаштагы Ж.А. аттуу жубайы ортосунда ички келишпестиктен улам түшүнбөстүктөр пайда болгон”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда жубайлардын бири-бирине дооматтары жок экендигин тергөө органдарынан билдиришти. Ага карабастан аталган факты боюнча тергөө өз ишин улантууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.