Өлкө башчы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы «кызыл зонанын» абалы менен таанышты

Бишкек, 15.04.2021, Sokol.media

Бүгүн, 15-апрелде өлкө башчысы Садыр Жапаров Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасындагы «кызыл зонага» барды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Кызыл зонада» өлкө башчысы бейтаптардын, анын ичинде реанимация бөлүмүндөгү абалы өтө оор болгондордун саламаттыгынан жана дарылоо шарттарынан кабар алды. Андан кийин Садыр Жапаров медицина кызматкерлери менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүнө кызыкты.

Жолугушуунун жүрүшүндө аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев учурда 354 бейтап дарыланып жатканын, алардын 144ү оор, дагы 14 кишинин өтө оор абалда экенин айтты.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы көрүлүп жаткан чараларга токтолду. Андан сырткары, республиканын бардык медициналык мекемелеринде дары-дармектердин жетиштүү кору бар экендигин белгилеп өттү.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.