Huawei компаниясы смартфондор үчүн акысыз кубаттандыргычтан баш тартат

Бишкек, 15.04.2021, Sokol.media

Кытайлык Huawei компаниясы өзү өндүргөн смартфондорду акысыз аксессуарлар менен камсыздоону токтотот. Бул тууралуу аталган бренддин күйөрмандарынын Weibo социалдык тармагындагы баракчасында жарыяланды.

Булактын билдиргенине караганда, компания мындан аркы өндүргөн жаңы смартфондорунун комплектинен кубаттоочу каражатты алып салууну көздөйт. Адистердин айтымында, бул чечим менен Huawei компаниясы Apple жана Samsung ишканаларынын буга чейинки иш-аракеттерин гана кайталап тим болбостон, смартфондорду чыгарууда олуттуу үнөмдөөлөрдү жасоо аркылуу миллиондогон доллар каражатын да өз капчыгында сактап калууга үлгүрөт.

Ал ортодо акысыз аксессуардан баш тартуунун негизги себеби аталган компаниянын үнөмдөө каалоосу жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбөө чечими гана эмес, акыркы убактагы технология рыногундагы жарым өткөргүчтөргө (полупроводник) пайда болгон таңкыстык менен түшүндүрүлүүдө.

Булактан кошумчалашкандай, Huawei смартфонунун колдонуучулары буга чейин да компания кубаттандыргыч жасоодо колдонгон михросхемалардын кескин түрдө тартыш болуп жаткандыгын билдиришкен.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.