Депутат: Элдин иши токтоп, ачарчылык болуп калат

Бишкек, 15.04.2021, Sokol.media

Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Улугбек Садиков коронавирус пандемиясынын күтүлүп жаткан үчүнчү толкунуна байланыштуу өкмөт тарабынан жасалган аракеттерге өз нааразычылыгын билдирди.

«Сыртта пандемиянын үчүнчү толкуну башталууда. Башка өлкөлөр реакция кылып жатышса, бизде эмне үчүн реакция болбой жатат? Эмнеге ишенип жатабыз? Учурунда көңүл бурбасак, бүгүнкү планыбыз бир тыйын, Элдин иши токтоп, ачарчылык болуп калат» деген депутат бардык мекемелер жабылбаса дагы, тиешелүү режимдерди киргизүү керек экендигин айтты.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.