Дастан Бекешов бачабаздарды химиялык кастрациядан өткөрүүгө уруксат берген мыйзамды киргизүүнү сунуштады

Бишкек, 15.04.2021 Sokol.media

Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешов бачабаздарды химиялык кастрациядан өткөрүүгө уруксат берген мыйзамды киргизүүнү сунуштады.

Анын айтымында, Казакстанда химиялык кастрацияга уруксат берилген. Кыргызстанда Жоргорку Кеңештин V чакырылышы колдоп, бирок президенттен колдоо тапкан эмес.

«9-апрелде Кара-Суу районун Кашкар-Кыштак айылында 7 жаштагы кызды 26 жаштагы бала зордуктаган учур катталды. Мен президентке ушул мыйзамды киргизүүнү сунуштайт элем» , — деди Бекешов.

Химиялык кастрация көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде өнүккөн Батыш мамлекеттеринде бар. Бирок көбүнчө адамдын өз каалоосу менен ишке ашат. Ал эми хирургиялык кастрация дүйнө жүзү боюнча Чехияда гана жасалат.

Булак: Марал фм

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.