COVID-19: 305 жаңы учур катталып, 6 адам каза болду

Бишкек, 15.04.21 Sokol.media

Кыргызстанда 15-апрелдин таңына карата коронавирустук инфекциянын 305 жаңы учуру аныкталды, бул тууралуу  COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Алардын ичинен:

  • Бишкек — 186,
  • Чүй облусу — 89,
  • Ош шаары — 7,
  • Талас облусу — 4,
  • Жалал-Абад облусу — 4,
  • Ысык-Көл облусу — 12,
  • Баткен облусу — 2,
  • Нарын облусу — 1.

Бул акыркы төрт ай ичиндеги максималдуу көрсөткүч болуп калды. Буга чейин акыркы жолу өткөн жылдын 14-декабрында жогорку учур катары 318 жаңы бейтап катталган эле.

Жалпысынан, ушул мезгил аралыгында Кыргызстанда коронавирустун 91 миң 144 учуру аныкталды. Сутка ичинде 6 адам каза болду.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.