Чемпиондор Лигасы: «Ливерпулга» мүмкүнчүлүк бербеген «Реал» жарым финалда

Бишкек, 15.04.2021 Sokol.media Эрлан Алтынбеков

Кечээ, 14-апрелден 15-апрелге караган түнү УЕФА Чемпиондор Лигасынын чейрек финалынын жооптук беттештери орун алды. Анда Юрген Клооп башында турган англиялык «Ливерпуль» өз талаасында Зинедин Зидан машыктырган мадриддик «Реалга» каршы ойноду.

«Ливерпуль» 0:0 «Реал» (биринчи оюн 1:3).

Англия Премьер-лигасында былтыркыдай көзгө толумдуу оюн көрсөтө албай жаткан учурдагы чемпион команда «Ливерпуль» Испаниядагы биринчи оюнда коргонуудагы кадрдык маселелерден улам 1:3 эсебинде жеңилип калган эле. Ал эми жооптук оюндун кызыктуу жана голдорго бай болушун күткөн күйөрмандардын тилегин таш капкандай болду. Бул оюнда «Реалдын» деле Серхио Рамос, Рафаэль Варан сыяктуу лидерлеринин беттешке катыша албагандыгын белгилеп кетпесек болбос. Ага карабастан «Энфилд» талаасындагы 90 мүнөттүк таймашта эки жаат тең чабуулдарды уюштурганы менен эч бир тарап топту дарбаза торуна киргизе алган жок. Натыйжада, Мохамед Салах, Садио Мане баш болгон «кызылдар» бул баскычта өз жолун токтотууга аргасыз болсо, «Реал» алгачкы беттештеги Винисиустун көргөзгөн мыкты оюнунун арты менен жарым финалга жолдомо алды.

Ал эми жарым финалда аталган команда португалиялык «Портуну» жеңип чыккан лондондук «Челсиге» каршы ойнойт. Алгачкы оюн Мадриддеги «Сантьяго Бернабеу» стадионунда 26сынан 27-апрелге караган түнү орун алат. Жооптук оюн 3-майдан 4-майга караган түнү өтөт.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.