БШКнын алдына тез жардам кызматы эмнеге келди?

Бишкек, 15.04.2021 Sokol.media

Борбордук шайлоо комиссиянын имаратынын жанындагы ачкачылык жарыялагандардын биринин ден соолугу начарлап, ага тез жардам кызматы чакырылды. Бул тууралуу акциянын дагы бир катышуучусу, Кыргызстан коммунисттер партиясынын өкүлү Амантур Манапбаев Facebook баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, ден соолугуна байланыштуу демонстранттардын бирине дарыгерлер ачкачылыкты улантууга тыюу салган. «Бирок, ал нааразычылыгын токтотуудан баш тартты.»,- деп жазган Манапбаев.

Эске сала кетсек, 12-апрелден бери Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогон партиялардын өкүлдөрү БШКнын имаратынын алдында нааразычылык акциясын өткөрүп жатышат. Алар шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп билдирип, «бардыгына бирдей шарттарды» камсыз кылуу үчүн шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылушууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.