Ошто үч окуучудан каронавирус аныкталып, эки мектеп карантинге жабылды

Бишкек, 14.04.2021 Sokol.media

Ошто үч окуучудан каронавирус аныкталгандан кийин эки мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Ош шаардык  мэриясынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, «Жетиган» жана «Олимп» мектептеринин окуучулары 14 күндүк онлайн окууга которулду.

«Окуучулардан вирус аныкталгандан кийин мектептер жабылды. Онлайн окуу болуп турат», — дейт мэрия.

Кошумчалай кетсек, вирус табылгандар баары бир үй-бүлөнүн балдары, алар эки башка мектептерде окушкан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.