Министр: COVID-19дун үчүнчү толкуну май айынын аягы, июнь айынын башына туура келет

Бишкек, 14.04.2021 Sokol.media

Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирус илдетинин үчүнчү толкуну май айынын аягы, июнь айынын башына туура келээрин айтты.
«COVID-19га каршы антитела 8айдан 1 жылга чейин сакталат. Элдин басымдуу бөлүгү июнь-июль айларында оорушкан. Демек, оорунун күчөгөн маалы май айынын акырына туура келет деп болжолдоп жатабыз. Мурдагы каталар кайталанбашы үчүн бардык ооруканаларда дарылардын жана коргонуучу каражаттардын 2-3 айылык запасы камдалган»— дейт министр.
14-апрелге карата бир сутка ичинде COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны 240 адамды түздү.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.