Мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип  саясий серепчи Марат Казакпаев кармалды

Бишкек, 14.04.2021 Sokol.media

Мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип  саясий серепчи Марат Казакпаев кармалды.  Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкен.

«Мамлекеттик чыккынчылыкка шектүүлөрдүн бири Марат Казакпаев» дешти мекемеден.

Эске салсак, кечээ, 13-апрелде ыкчам тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгы менен мамлекеттик чыккынчылыкка катыштыгы бар деген далилдердин негизинде 2 жаран кармалган.

УКМК бул кылмышты жасагандыгы үчүн кармалгандарды 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилеген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.