Мамлекет Текебаевке 4 миллион сом компенсация төлөмөй болду

Экс депутат Өмүрбек Текебаев коюлган кылмыш иши далилденбегенден кийин акталып чыкты. Ошондой эле ушунча жыл далилсиз күнөөлөп келгени үчүн мамлекет ага 4 миллион сомго чукул компенсация төлөмөкчү болду. Кызыгы бул акчадан саясатчы баш тартканы тууралуу ачыктады.
«Реабилитацияга болгон укуктарыбызды судья толугу менен канааттандырды. Материалдык доонун баары өкмөткө коюлат экен. Төрт жыл түрмөдө отурдук, ошол аралыктагы айлык, моралдык компенсация жана башка маселелер боюнча эсептесем 4 миллион сом болот экен. Бирок мен андан баш тартам. Бюджетте акча жок кризис болуп турган маалда өкмөттөн компенсация сураганым туура эмес болуп калат», — деди Текебаев. Ошондой эле ал саясатка мындан ары да аралаша турганын билдирди.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.