Кой-Таш окуясы. Катылган курал-жарактар табылды

14-апрель 2021-жыл
УКМК: Куралдар-жарактардын жана ок-дарылардын кампалары табылды
Кыргыз Республикасынын УКМК жана «Альфа» атайын кызматы менен биргеликте, 2010-жылдагы апрель окуялары жана 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары учурунда жоголгон курал-жарактар боюнча ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында, Чүй облусунан курал-жарак жана ок-дары сакталган жер табылды.
Бекитилген жерден, АК-47 Калашников автоматынын 2 магазини, 5.45- 59 даана ок-дарылар жана РПГ-26 «Аглень» гранатомету табылып алынды, булар мурда Кыргыз Республикасынын күч бөлүмдөрүнүн биринин балансында болушу мүмкүн.
Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак жана ок-дарылар тоноочулукка тиешеси бар кылмышкерлерге таандык болушу ыктымал.
Учурда УКМК тарабынан куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.