Бишкекте көпүрөнүн астынан аялдын жансыз денеси табылды

Бишкек, 14.04.2021 Sokol.media

Бишкекте көпүрөнүн астынан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

112 кызматына милиция кызматкерлери тарабынан Кийизбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүнүн кесилишинде көпүрөнүн астынан аялдын жансыз денеси табылды деген чакыруу түшкөн. Беш куткаруучу сөөктү алып чыгышкан. Маркумдун сөөгү укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.