Бишкек шаары Адинайдын ата-энесинен белек алды

Жаздын келиши менен жашыл чакырык (челлендж) күндөн-күнгө күч алып, көчөттөрдү отургузууну каалаган жарандар жана уюмдар көбөйүүдө.

Жакында «Ден соолук» паркында ишембилик болуп, Адинай Мырзабекованын ата-энеси жана туугандары аны эскерүү үчүн көчөттөрдү отургузууга келишти. Алар беш алтын карагай жана арчалар менен курчалган чоң үч метрлик балатыны отургузушту.

Адинайдын жакындарын «Сибирское Здоровье» уюмунун өкүлдөрү да колдоп, 30га жакын карагай отургузушту.

Элит Хаус курулуш компаниясы сахнанын артында турган 30 каталпа жана 340 бадал отургузду.

Ал эми «Оксус» каржы компаниясы 10 каштан отургузду.

Ошондой эле, эки үй-бүлө 2 каталпа жана 6 клен отургузушту .
Эске сала кетсек, 21 жаштагы Адинай Бишкектеги стационарда былтыр, пандемия маалында ыктыярдуу медайым болуп иштеп жүрүп каза болгон.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.