Ысык-Көлдө 4 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

Бишкек, 13.04.2021 Sokol.media

Ысык-Көл районунун Түп районунда 12-апрель күнү саат 23:14 чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 204-чакырымында (Михайловка айылына жакын) Тойота Камри жана Ауди С4 үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктын кесепетинен 3 эркек адам (2002-жылы туулган, 2001-жылы туулган, 2001-жылы туулган) каза болуп, 3 эркек адам (2000-жылы туулган, 2000-жылы туулган, 2000-жылы туулган) жабыркаган.

Тартылган куткаруучулар каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркагандар райондук ооруканасына тез жардам аркылуу жеткирилген. Жабыркагандын бири 2000-жылы туулган жаран ооруканада каза болгон.

5 куткаруучу тартылган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.