Улуу Британияда Дариус аттуу дүйнөдөгү эң чоң коёнду уурдап кетишти

Бишкек, 13.04.2021 Sokol.media

Улуу Британияда Дариус аттуу дүйнөдөгү эң чоң коёнду уурдап кетишти. Анын ээси кайра коёнду кайтарып берген адамга 1 миң фунт стерлинг (1,3 миң доллардан ашык) сыйлык сунуш кылууда. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Дариус аттуу коён Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Денесинин узундугу 129 сантиметрге жетет. Коён кожоюндары менен Англиянын Вустершир графтыгында жашаган. Полициянын айтымында, ал жекшемби күнү кечинде короодон уурдалган. Коёндун ээси Аннет Эдвардс үй жаныбарын кайтарып берүүнү суранып, коён тукум улай албай калгандыгын кошумчалады.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.