«Күйөгө тийүү үчүн балдардан баш тартам». 2 жашар баланын апасы атайын көчөгө таштаган

Бишкек, 13.04.2021 Sokol.media

Кечээ, 12-апрелде Бишкектеги 3-кичирайондогу No19 үйдүн короосундагы балдар ойноочу аянтчадан табылган баланын энесин укук коргоо кызматкерлери алып келишкен. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Бишкек шаардык адистештирилген балдарды жана үй-бүлөнү калыбына келтирүү борборунан (балдар үйүнөн) билдиришти.
Алар 1999-жылы туулган аялды социалдык кызматкерлер тааныгандыгын белгилешти. “Чындыгында, ал кечээ күндүзгү саат үчтөрдө ал биздин балдар үйүнө ушул бала жана төрт жашар кыз менен балдарды өткөрүп берем, турмушка чыгам, бага албайм деп келген болчу. Социалдык кызмат анын кайдан экендигин тактоо үчүн дарегин сураганбызда Беловодск шаарынан келгенин билдиришти.  Андан кийин социалдык кызматкер анын жанында кандай документтери бар экендигин сураган. Бирок эне эч нерсе жок деп документтерди көрсөтө алган эмес.  Андан кийин, ал балдарды кабыл алуу үчүн эмне кылуу керектигин түшүндүрүп, Октябрь райондук социалдык коргоо бөлүмүнө жөнөтүлгөн”-дейт алар.

Кызматкерлердин айтымында, аял документтер менен келем деп сөз берип, дайынсыз жоголгон. Кечинде полиция баланы алып келди.

Баланын энесинин айтымында, ал шаарга ага үйлөнөм деп жаткан тааныштарына келген. Бирок ал аны менен жолугушуудан баш тартып, телефонду өчүрүп салган. Аял шаарды билбей ары бери караганча бала адашып калган. Андан кийин ал Беловодск шаарына энесине кетип калган.
Соц кызматкерлердин айтымында бала аялга берилбейт, анткени ал андан баш тартуу ниетинде болгон. Мындан тышкары, социалдык кызматкерлер болуп өткөн окуя үчүн энеден бир дагы тамчы өкүнүч көргөн жок.

Булак: Чындык кж

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.