COVID-19: 932 бейтап стационарларда оору менен алышып жатат

Бишкек, 13.04.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

Кыргызстанда акыркы күндөрү коронавирус жугузуп алып ооруканада жана үй шартында (амбулатордук) дарыланып жаткандардын саны кескин көбөйдү.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 13-апрелдеги маалыматына караганда, учурда 932 бейтап стационарларда оору менен алышып жатат.

Алардын 20сынын абалы канааттандыраарлык. 666 кишинин акыбалы орто оор, 213 бейтап оор, 33ү өтө оор деп бааланган.
13-апрелге карата республика боюнча вирустан төрт бейтап көз жумду. Илдет дагы 227 кишиден табылып, сентябрдан берки эң көп көрсөткүч болду.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1532ге жетти.

Расмий эсепке ылайык, вирусту 90 599 киши жугузуп, 86 152си айыкты

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.