Бишкекте ата-энеси табылбай жаткан 2 жашар бала балдар үйүнө жайгаштырылды

Бишкек, 13.04.2021 Sokol.media

Бишкекте ата-энеси табылбай жаткан 2 жашар бала балдар үйүнө жайгаштырылды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, милиция кызматкерлери дагы деле баланын жакындарын издеп жатышкандыгын айтышты. Ал эми Инстаграмдагы black_list_kg баракчасында төмөнкүдөй билдирүү тарады.

«Саламатсыздарбы! Баламды тапканыңар үчүн рахмат. Кызым экөөбүз дааратканага келгенбиз, бирок ал жерге тыюу салынгандыктан андан ары кетип, унутуп калыптырбыз. Эртең баламды алып кетем. Биринчи кезекте Октябрь РИИБине рахмат. Аларга байланышканда документин алып келип көрсөтүп анан алып кеткиле деди», — деп жазылат билдирүүдө.

Бул билдирүүгө Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан баланын ата-энеси дагы деле табыла электигин айтып, жогорудагы жазылган билдирүү боюнча милиция кызматкерлерине эч ким байланышпаганын билдиришти.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.