Белгилүү «Оскар» кино сыйлыгын тапшыруу аземин актёр Брэд Питт алып барат

Бишкек, 13.04.2021 Sokol.media

Белгилүү «Оскар» кино сыйлыгын тапшыруу аземин актёр Брэд Питт жана актриса Зендая алып барышат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары Инстаграм баракчасына жарыялады.

Маалыматка караганда, сыйлык тапшыруу аземине Холли Берри, Хоакин Феникс, Лора Дерн, Рене Зеллвегер, Риз Уизерспун, Харрисон Форд дагы катышат. Алар сыйлыктын лауреаттарына алтын статуэткаларды тапшырышат.

Эске салсак, 2021-жылы сыйлык тапшыруу аземи салттуу түрдө өткөрүлөт. 26-апрелге караган түнү бардык номинациялардын жеңүүчүлөрүнүн ысымдары белгилүү болот. Иш-чаранын катышуучулары COVID-19га карата текшерүүлөрдөн өтүп турушат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.