Баткенде 22 жаштагы келин дайынсыз жоголгон

Бишкек, 13.04.2021 Sokol.media

Баткен шаарынын Базар-Башы кварталынын тургуну 1999-жылы туулган Закир кызы Айхан 12-апрель күнү болжол менен саат 11.00 чамасында Баткен районунун Бужум айылында күйөөсү менен чогуу жашаган үйүнөн чыгып кетип кайрылып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 150-155см, ак жүздүү, кашы-көзү кара.

Кийген кийимдери: үстүнө күрөң түстөгү көйнөк, астында күрөң түстөгү көйнөктүн шымы, башында ак түстөгү жоолук (хиджаб).

Сүрөттөгү аялды таанып билгендер болсо төмөнкү телефондорго чалсаңыздар болот.

102; 03622 5-17-56; 0709 736 637; 0774 778 688

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.