«Эркекче сөз бердиңиз эле». Анжелика Карыпбековго жооп берди

Бишкек, 13.04.2021 Sokol.media

КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков шаардык кеңешке шайлоого катышкан айрым талапкерлерге тамаша аралаштыра сын айтып, анда ырчы Анжеликага карата тамаш оюн билдирген эле. Ага жооп кылып ырчы Анжелика да инстаграм баракчасынын тарыхчасына  (история)  билдирүү калтырды. Анда ырчы: «Акыркы жолу башка планеталар жөнүндөгү темада мени кыпчып жазганыңыздан кийин-эркекче сөз бердиңиз эле, менин атым эми кошулбайт деп»,-деп жазган.

Эске салсак, Илим Карыпбеков «Мен ар кимге тийишип чукуп турсам. Анжелика шалпылдатып, баарын инстаграммына чыгарып турса. Болот мэрияга кайыгы менен сүзө качырып келип турса. Бабыр мырза «живи эле живи» деп өкүрүп-бакырып турса. Нариман мырза «мага шанс бергиле» деп турса. Кыскасы, мэрдин креслосуна атаандаштык катуу», — деп жазган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.