Жалал-Абадда кызыл китепке кирген аюну өлтүрүп, терисин алып кетип бараткан жаран кармалды

Бишкек, 12.04.2021 Sokol.media

Жалал-Абад облусунун Кызыл-Үңкүр айылынын тоолорунан кызыл китепке кирген аюну өлтүрүп, терисин алып кетип бараткан жаран кармалган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары Департаментинин Жалал-Абад өкүлчүлүгүнүн башчысы Туратбек Сатимбаев билдирген.

«Ушул жылдын 9-апрель күнү бизге тоодон бирөө рюкзак көтөрүп түшүп кетти, анда аюу болушу мүмкүн деген маалымат түшкөн. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылына барган убакта рюкзак көтөрүп бир киши келе жаткан экен. Ал кишиге жолугуп, кармаганча ал сумкасын таштын арасына беките салды. Биз ушул окшойт деп кармасак чындап эле сумкасынан бир баш аюнун териси чыкты. Кармаган соң ал өз күнөөсүн моюнуна алып, чындыгында ушул аюну тузак менен кармагам деп түшүнүк кат жазып берди.

Ал аталган айылда бал челек менен аарыларды багат экен. Бул аюу бал челектерди талкалай бергенинен тузак коюп, аю түшүп калгандан кийин башка чаап өлтүргөн. Эти ошол жакта калып терисин алып келе жаткан. Биз ошол жерде токой чарбанын бир кызматкери кошулуп, төртөөбүз акт түздүк. Эртеси дем алыш күндөрү болуп калганына байланыштуу бүгүн, 12-апрель дүйшөмбү күнү Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына материалды өткөрүп бердик. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылынын 3-майындагы 224-токтомуна (2020-жылдын 7-декабрындагы 595-токтому менен өзгөртүү киргизилген) ылайык бир баш аюга бир миллион сом доо коюлат», — деди Сатимбаев.

Учурда 2020-жылдын аягындагы санак боюнча Жалал-Абад облусунда кызыл китепке кирген 234 аюу бар.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.