Сүрөт-Ырчы Айгерим Расул кызы баатыр кыз Жаңыл Мырзанын ролун аткарат

Бишкек, 12.04.2021 Sokol.media

Ырчы Айгерим Расул кызы баатыр кыз Жаңыл Мырзанын ролун аткарат. Бул тууралуу ырчы айым жеке баракчасы аркылуу билдирди:

«Купуя сырларды ачууга убакыт келди… Башкы жаңылыгымдын бири сүрөткө байланыштуу каарман тууралуу. Жаңыл Мырза эпосунун тасмасында башкы каарман катары баатыр кыздын образын жаратып, тарыхый тасмада өзүмдү сынаганы турам. Буюрса, тартуу иштери күз айларында башталып 2022-жылга чейин узартылат. Азыркы тапта сценарий жазылып, даярдыктар башталды. Мага ийгилик каалап коюңуздар жакшыларым«, — дейт ал.

Эске салсак, Айгерим Расул кызы буга чейин дагы «Братандар», «Жараланган турналар» жана башка тасмаларга тартылган. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.