Милиция көчөдө кызды сабаган жаранды кармады

Бишкек, 12.04.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

Милициянын кайгуул кызматкерлери бейбаштыкка шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелде социалдык тармактарда “кызды уруп жатат” деген аталышында видео жарык көргөн.
Ошол эле учурда болжол менен саат 19:00 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Кустанайский жана Ден Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде кызды уруп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1987-жылы туулган Ю.Н. аттуу айым арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен, ошол эле убакта арыз ээсинин Ш.Ж. аттуу чала таанышы арыз ээсин уруп денесинен зыян жеткирип, андан ары “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү авто унаага отуруп, андан ары качып кеткен.
Бул факты боюнча Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын өздүк курамына издеп табуу боюнча багыттама берилип, кылмыш изи сууй, кылмышка шектүү катары “Мерседес Бенц” үлгүсундөгү авто унаанын 1992-жылы туулган Ш.Ж. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Азыркы учурда Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 266-беренесинин (Бейбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.