Бир жуманын ичинде 5638 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

Бишкек, 12.04.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде 5638 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

2021-жылдын 2-апрелинен тартып, 8-апрелине чейин Бишкек шаарынын аймагында Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 5638 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
-Мас абалында авто унаа башкаруу -67;
-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо -11;
-Айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу -99;
-“Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар унаалар -110;
-Башка жол эрежелерин бузуулар -5351.

427 авто унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн, убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы жол эрежесин таксактоого чакырат.

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.