7 жаштагы кыз талаадан зордукталды. Шектүү камакта

Кара-Суу районунда 7 жаштагы кызды зордуктоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 9-апрелде саат 20:00 чамасында Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач айылынын 7 жаштагы тургуну Н.А. талаа аркылуу үйүнө баратканда белгисиз адам тарабынан зордукталып, денесинен алган жараатынан улам Ош облустук төрөт үйүнө оор абалда жеткирилгендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт Кара-Суу РИИБ тарабынан Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмүндө (Зордуктоо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары башталган.

Ош ОИИБдин жетекчилиги, Кара-Суу РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзүп, жабырлануучуга жана кылмышка шектүүгө тийиштүү далил буюмдар алынган. Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында шектүү Кара-Суу районунун Мады айыл аймагына караштуу Кыргыз-Чек айылынын 26 жаштагы тургуну Н. уулу А. экендиги аныкталып, Катта-Талдык айыл аймагына караштуу Садирбай айылында туугандарынын үйүндө жаткан жеринен кармалган.

Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө аталган оор кылмышты жасагандыгын айтып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: Турмуш.кж

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.