Жалал-Абадда бангизат сатып алектенгендер кармалды

Бишкек, 09.04.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

Жалал-Абад облусунда ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгы баңгизаттарды тараткандарды кармоо боюнча операцияны жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Мааллыматка караганда, 2021-жылдын апрель айынын башында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизаттарды сатуу менен алектенип жаткан жарандар жөнүндө ыкчам маалымат алышкан.
Бул факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүмү (Баңгизаттарды сатуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.


Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери баңгизаттарды сатуу фактысын аныкташкан. Ыкчам кызматкерлер 7-апрель түнү болжол менен саат 4:00до Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы көчөлөрдүн биринде баңгизатты сатуу учурунда жана талап кылган акча каражатынын бир бөлүгү 4000 сомду (белгиленген) алуу учурунда ушул эле шаарда жашаган 1973-жылы туулган М.К. кармашкан. Баңгизат сатуучулар өз товарын 50 миң сомдон ашык суммага сатууну көздөшкөн. Кармоо боюнча операциянын жүрүшүндө шектүү бир учурда күмөн ойлору жаралгандыктан, качууга аракет жасаган. Аны 600 метр аралыкка качып барган жеринен кармашкан. Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери бул кылмыш ишине тиешеси бар Токтогул районунун жашоочусу 1973-жылы туулган М.Тны кармашты. Кармалган жарандардан 165 грамм салмактагы 12 кутучадагы баңгизатын алышкан. Экспертизанын корутундусу менен алынган баңгизат гашиш экендиги аныкталды.
Азыркы учурда ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.