Өзүнүн кызын уурдоого шектүү жаран кармалды

Бишкек, 09.04.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

Милициянын кайгуул кызматкерлери өзүнүн кызын уурдоого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 8-апрелде болжол менен саат 21:20 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Чыгыш 5 кичи районунан кичинекей кызды уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1984-жылы туулган Ж.К. аттуу айым жардам сурап кайрылган. Анда 2008-жылы туулган У.Х. аттуу кызын мурдагы жолдошу уурдап кеткендигин кабарлаган.
Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары Кулиева көчөсүнөн Ош шаарына кетүү максатында таксиге отуруп жаткан жеринен 1984-жылы туулган У.Э. аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.
Азыркы учурда Свердлов райондук ИИБгы тарабынан андан аркы тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө.
Ал эми 2008-жылы туулган У.Х. аттуу кызын кайгуул кызматкерлери апасына сак-саламат өткөрүшүп беришкен.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.