ВИДЕО-Таажыны башынан жулуп алган. Сулуулар сынагында таажы талашка түштү

Бишкек, 09.04.2021 Sokol.media

«Миссис Шри-Ланка — 2021» сынагынын финалы чатак менен коштолуп, ал көрүүчүлөрдү бир жагынан таңгалдырса, бир жагынан түшүнүксүз суроолорду жараткан. Чыр жеңген сулуу менен калыстар тобунун мүчөсүнүн ортосунда болгон.

Sputnik Түркиянын билдиргенине караганда, «Миссис Шри-Ланка» конкурсунда Пушпика Де Силваны биринчи орунду алышы менен куттуктоо салтанаты жүрүп жатканда 2019-жылдагы сынактын жеңүүчүсү сахнанын артынан басып келип, кыздын башынан таажыны жулуп алган. Бул окуя түз эфир учурунда болгон. Ал Де Силва күйөөсү менен ажырашып кеткендиктен мындай сынакта биринчи орунга татыбайт деген пикирин билдирген.

«Ажырашкан аялдарга конкурска катышууга тыюу салынган. Ошон үчүн таажыны экинчи орунга татыган кызга бериш керек», — деген нааразы болгон Каролин.

Видеодон калыстар тобунун бири Де Силванын башынан таажыны жулуп алып башка катышуучуга бергенин көрүүгө болот. Ыңгайсыз абалда калган келин ыйлаган бойдон сахнадан чыгып кеткен.

Кийинчерээк Facebook социалдык тармагына Пушпика Де Силва чатактан кийин башынан жаракат алып, ооруканага кайрылгандыгын жазган. Ал «негизсиз жана анын беделине шек келтирген күнөөлөө» үчүн сотко кайрыларын айткан. Андан сырткары, ажырашканы боюнча маалыматты четке каккан.

Сынактын уюштуруучулары калыстар тобу мындай кадамга барбашы керек болчу деген пикирин айтып, чатак чыгып кеткенине өкүнгөндүктөрүн билдиришкен. Маалыматта таажыны биринчи ээсине, Де Силвага кайтарып беришкени айтылат.

Булак: Медиаплоф Азия

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.